Баткен. Сох анклавындагылар жолду бууп койсо, сырт менен байланышсыз калган Бөжөй айылы бул азаптан кутулганы калды

Буга чейин Баткендин Бөжөй айылынын жашоочулары облустун башка аймактары, район борбору менен байланышуу үчүн Өзбекстандын Сох анклавына көз каранды болуп келген. Аларды сырт менен аталган анклавды кесип өтчү жалгыз унаа жолу байланыштырып турат. Сохтуктар өздөрүнүн аймагынан өтүүдө кыргыздарга ар кандай кыйынчылыктарды жаратышат, малдарын тартып алышып, айрым бөжөйлүктөргө кол көтөргөн учурлары да болот. Учурда аталган анклавды айланып өтө турган унаа жолу курулууда. Анын курулушу жакын арада толугу менен бүтүп, ишке берилет. Муну менен бөжөйлүктөрдүн башкы көйгөйлөрүнүн бири чечилет.  
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан