Кыргыз ССР Жогорку Кеңеши 1989-жылдын 23-сентябрында "Мамлекеттик тил тууралуу" мыйзам кабыл алган. Мыйзамга ылайык, кыргыз тили мамлекеттик макам алып, анын өнүгүш жагдайы аныкталып, мамлекеттик мекемелерде колдонуу тартиби такталган.
Андан бери 30 жыл өттү, кыргыз тили жетиштүү деңгээлде өнүктү дегендер аз. Бийлик өкүлдөрүнөн тартып мектептеги окуучуларга чейин, арасында эне тилинде сүйлөй албаган Кыргыз жарандары бар. Бул көрүнүштү кадыресе кабыл алгандар да четтен чыгат.
Буга байланыштуу SUPER.KG порталы "Бүгүн кыргыз тилине мамлекеттик статус берилгенине 30 жыл болду. Бийлик ушунча жыл аралыгында мамлекеттик тилди үйрөндүбү?" деген собол салды.
Суроого жооп берген журналист Алмас Турдумаматов тилди өнүктүрүү үчүн жалпы журт биргеликте аракет көрүшү керек деген пикирде.
"Бийликтегилердин көбү кыргыздар, кыргыз тилдүү эле жарандар болгону менен, өлкөбүздө азыркыга чейин мыйзамдар орус тилде жазылып, андан кийин мамлекеттик тилге которулат. Негизи кыргыз тилге суроо-талап төмөн. Бийлик гана эмес, жөн жарандарыбыз деле кыргыз тилде жарытып сүйлөбөй келебиз. Кыргыз тилин гана билген кишинин жумушка орношусу дагы деле кыйын бойдон калууда. Өзгөчө Бишкек шаарында. Ошол эле учурда орус тилин гана билсең жумушка орношуу жеңилирээк.
Тилди өнүктүрүү бул бир гана бийликтин иши эмес деп ойлойм. Ага жалпы журт аракеттениши шарт. Бир жолу манасчылардан "мурункудай айлап дастан айткан манасчылар барбы?" деп сурап калышты. Ошондо "андай манасчылар бар, болгону мурункудай болуп айлап уккан күйөрмандар болсо, сүрөгөндөр болсо сөзсүз чыгат" деп жооп беришти эле. Тил деле ошондой", - деди ал.