11-августта өлкөнүн көпчүлүк аймактарында жаан жаап, күн күркүрөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9 метрге чейин жетет. Өлкө боюнча күтүлгөн абанын температурасы төмөндөгүдөй:
Чүй облусунда күндүз +25...+30°C, түнкүсүн +14...+19°C
Талас облусунда күндүз +24...+29°C, түнкүсүн +11...+16°C
Ош жана Жалал-Абад облустарында күндүз +27..+32°C, түнкүсүн +17...+22°C
Баткен облусунда күндүз +26...+31°C, түнкүсүн +16...+21°C
Ысык-Көл облусунда күндүз +20...+25°C, түнкүсүн +9...+14°C
Нарын облусунда күндүз +21...+26°C, түнкүсүн +9...+14°C
Бишкек шаарында күндүз +27...+29°C, түнкүсүн +16..+18°C
Борбор калаада мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөйт.