БШКдан маалымдашкандай, ушул маалда Кара-Суу шаарында добуштарды саноо процесси аяктады. Протоколго ылайык, КСДП - 2399 (56,45%), Өнүгүү партиясы - 675 ( 15,88%), "Республика" - 506 (11,91%), "Замандаш-Современник" - 185 (4,35%), "Ата Мекен" - 155 добушка (3,65%) ээ болушту. Ал эми баарына каршы добуш бергендердин саны - 248 (5,84%) добушту түзөт. Кошумчалай кетсек, Кара-Суу шаарында шайлоого карата 8890 шайлоочу каттоодон өтсө, алардын 4206сы (47,31%) гана добуш берүүгө катышты.