Бишкекте өзгөчө үйлөнүү той болду

Бүгүн, 11-августта Бишкек шаарында өзгөчө үйлөнүү тою болду. Анда жаш жубайлар шаарды унаа менен эмес, велосипед менен кыдырышып, аларды колдогону 100дөн ашуун велоспорт сүйүүчүлөрү келишти. Жаш жубайларды велосипедчен жарандар Түштүк Дарбаза сейил багында күтүп алышты. Андан соң веложүрүш башталып, Бакыт үйүндө аяктады. Тойдун күнөөкөрлөрү Рамис менен Светлана кубанычтарын жашыра алышкан жок. “Бул идеяны Кыргызстандын жарандарын сергек жашоого үндөө максатында ойлоп тапканбыз. Досторубуз бизди дароо колдошту, аларга ыраазыбыз. Ал эми ата-энелерибиз кичине чочулашты. Кудайга шүгүр, баары жакшы болду”,- деди Светлана.

 

Бишкекте өзгөчө үлпөт тою болуп өттү
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан