Кыргыз-кытай чек арасында террорчулукка каршы машыгуулар болду
11-августта кыргыз-кытай чек арасында террорчулукка
каршы окуулар болуп өткөнүн Чек ара кызматы билдирди. Окуулар Кыргызстандын “Торугарт” жана Кытайдын “Тургат” чек ара өткөрүү бекеттеринде болду. Мамлекеттик
чек ара кызматынын төрагасы Курманакун Матенов баштаган иш-чарага Кыргызстандын, Казакстандын,
Орусиянын, Тажикстандын, Өзбекстандын жана Пакистан менен Ирандын Чек ара
кызматтарынын өкүлдөрү байкоочу катары чакырылган. Окуулардын башкы максаты – ар кандай
коркунучтарга каршы туруу үчүн ШКУга мүчө мамлекеттердин Чек ара кызматтарынын
байланышын жакшыртуу. Иш-чарада тик учактар, видеожабдуулар орнотулган
автотехникалар, брондолгон оор техника жана башка курал-жарактар колдонулду.