Чүй облусунун Кемин шаарында 14 жаштагы өспүрүм кызды зордуктоого аракет кылып, ал каршылык көрсөткөндө өлтүргөн деп шектелип 20 жаштагы жаран кармалган. 22-сентябрь күнү кыздын жансыз денеси Кемин шаарындагы ээн калган үйлөрдүн биринен табылды. Маркум Аэлита Иманкадырованын жакындарынын айтымында, кыз самбо менен 2 жылдан бери машыгып келген. Кошуналары "ал кол салган адамга оңой эле жеңилип бермек эмес" деп жатышат.
Окуянын чоо-жайын “Супер-Инфонун” жаңы санынан (№882, 26-сентябрь, 2019-жыл) окуй аласыз.