Ош. Сууга агып кеткен Кара-Суу районунун тургуну бир күндөн кийин табылды

Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу Коммунизм айылындагы "Савай" каналына 9-августта 1969-жылы туулган Нурлан Топчубаев агып кеткен. Кырсык саат 19:00 чамасында болгон. Каналга агып кеткен адамды издөө иштерине ӨКМнын куткаруу отрядынан 10 куткаруучу жана Ош шаардык куткаруу кызматынан 12 куткаруучу катышты. 10-август күнү Н.Топчубаевдин жансыз денеси Өзбекстандын аймагынан табылган. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы 12-августта билдирди.

 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан