Ушул маалда Кербен шаарындагы бардык шайлоо участкаларында добуштардын саны толугу менен саналып бүттү. БШКнын маалыматына ылайык, Кербен шаары боюнча "Замандаш-Современник" - 1753 добуш (23,78%), КСДП - 1627 добуш (22,07%), Өнүгүү - 1162 добуш (15,76%), "Бүтүн Кыргызстан" - 703 добуш (9,54%), "Ата Мекен" - 698 добуш (9,47%), "Ата Журт" - 593 добуш (8,05%), "Республика" - 545 добуш (7,39%), "Эгемен Кыргызстан" - 204 добушка (2,77%) ээ болушса, бардыгына каршы 25 добуш (0,34%) берилген. Кошумчалай кетсек, Кербен шаары боюнча жалпысынан 14908 шайлоочу каттоодон өтсө, алардын 7176сы, башкача айтканда 48,14%ы гана шайлоого катышкан.