Экс-мэр Нариман Түлеевдин 11 жылга кесилишине макул болбогон жактоочулары шаардык сотко кайрылышты
ЖКнын депутаты Нариман Түлеевдин
жактоочулары райондук соттун Түлеевди 11 жылга эркинен ажыратуу чечимине макул болбой, шаардык сотко
апелляциялык арыз менен кайрылышты. Бул тууралуу Түлеевдин жактоочусу Кубанычбек
Ташбалтаев бүгүн, 12-августта билдирди. Айтымында, апелляциялык арызды Нариман
Түлеевдин дагы бир жактоочусу Татьяна Черникина берген. “Шаардык сотто соттук
отурум качан болору белгисиз. Ал эми Түлеевдин мурунку кесиптештери боюнча апелляциялык арыз
качан берилерин айта албайм. Бирок жакында алар да шаардык сотко арызданышат”,- деди Ташбалтаев. Эске сала кетсек,
29-июлда Бишкек шаарынын Ленин райондук соту Нариман Түлеевди мүлкүн конфискациялоо
менен 11 жылга эркинен ажыраткан. Бишкек
мэриясынын "Автоунаа" ишканасынын экс-директору Медет Кожобергеновду 13 жылга
күчөтүлгөн режимде мүлкүн конфискациялоо менен эркинен ажыратышты. Бишкектин
мурдагы вице-мэри Валерий Корниенкону 10 жылга эркинен ажыратуу тууралуу өкүм чыгарган.
Муниципалдык менчик башкармалыгынын мурдагы жетекчиси Руслан Бейшенбаевдин
мүлкүн конфискациялоо менен 10 жылга, мэриянын мамлекетти сатып алуулар
бөлүмүнүн мурдагы башчысы Билимбек Токтобековду 10 жылга, "Тазалык"
мамлекеттик ишканасынын мурдагы директорунун милдетин аткаруучу Бакыт Сыдыковду 5 жылга
кескен болчу. Соттолгондор ири коррупциялык иштер боюнча айыпталышты.