Чехия: Трассадагы 30 килограммдык таш бака айдоочулардын шаштысын кетирди

Чехиялык айдоочулар трассадан америкалык чоң таш баканы көрүшүп, полицияга "башка планетадан түшкөн жандык" деп кабарлап дуу түшүрүштү. Рокицаны шаарынын полициясына бир мезгилде бир нече айдоочу телефон чалып, шаардан чыгып бараткан жолдо айдоочуларга тоскоолдук жараткан башкача жандык жүргөнүн айтышкан. Телефон чалган айдоочулардын бири аны "башка планетадан түшкөн жандык" деп кабарлоого жетишти. Аталган жерге полиция кызматкерлери келишип, ал жаныбар гиганттык таш бака экенин көрүшкөн. Анын узундугу 1 метр, салмагы 30 килограммдай болгон. Ветеринарлар мындай таш бака Чехияда өтө сейрек кездеше турганын айтышты. Америкалык таш бака экзотикалык жаныбарларды сүйүүчү тарабынан өлкөгө алынып келинген жана короодон байкалбай чыгып кеткен деп болжолдонууда. Учурда таш баканын ээси изделип жатканын чет элдик ММКлар жарыялашты. 

 

 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан