Ош облусунун Найман суу сактагычында учурда 24,4 миллион метр куб, Папан суу сактагычында 143,8 миллион метр куб суу бар. Бул тиешелүү аймактагы сугат иштерине кенен жете турганын Ош облустук Суу чарба башкармалыгынын башкы инженери Кубанычбек Абдыраев билдирди. Найман суу сактагычындагы суу былтыркыдан 2 миллион метр кубга көп.