Куудул Назира Жетигенова атасын эскерет: “Атам менен агам бир күндө каза болуп, апам катуу депрессияга түшкөн”

«Менин атамдай киши дүйнөдө саналуу гана» деп сөзүн баштады куудул, алпаруучу Назира Жетигенова. Кичинесинен атасына эркелеп өскөнүн айткан куудул бүгүн да дүйнөдөгү эң жакын адамын эстеп, көзүнө жаш алды. Алпаруучу айымдын атасы Солто Шаршенов мындан 20 жыл мурун дүйнөдөн кайткан.

“Кичинемден атама жакын өстүм. Аны ээрчип эле жүрө берчүмүн. Атамсыз жашоону элестете алчу эмесмин. Атам мындан 20 жыл мурун 56 жашында жарык дүйнө менен коштошкон. Мага жашоо бүтүп калгандай болду. 1 айда 11 килограммга арыктадым», - дейт куудул айым.


Назира Жетигенованын маегин толугу менен “Супер-Инфонун” жаңы санынан (№883, 3-октябрь, 2019-жыл) окуй аласыз.

"Супер-Инфо" гезитинин №883-жаңы санында...
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан