Декларация: Мурдагы премьер-министр Данияр Үсөновдун аялы, депутат Динара Исаеванын унаасы - Лексус LS 460. Жакындары 3 унаа, 3 үйгө ээлик кылышат

ЖКнын депутаты, мурдагы премьер-министр Данияр Үсөновдун жубайы Динара Исаева 2012-жылы негизги иш ордунан 864 169 сом киреше тапкан. Тапшырган декларациясында депутат 253,3 чарчы метр аянтты ээлеген имаратка, 128,6 чарчы метр жерди ээлеген 1 батирге, 227,5 чарчы метр жерди ээлеген дачага жана Лексус LS 460 унаасына ээлик кыла турганын көрсөттү. Исаева компаниялардын биринин акцияларынын бир бөлүгүнө ээлик кылат (пайызы көрсөтүлгөн эмес). Депутаттын жакындары былтыр 14 миллион 446 сом табышкан. Кыймылсыз мүлктөрү: Жер тилкеси (1690 чарчы метр), үй (200,25 чарчы метр), үй (389,7 чарчы метр), дача (200 чарчы метр), үй (1643,13 чарчы метр), жер тилкеси (10194 чарчы метр), жер тилкеси (10900 чарчы метр). Кыймылдуу мүлктөрү булар: Лексус LX 570, Тойота Камри, Порше Каен (чыгарылган жылдары көрсөтүлгөн эмес). 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан