Жалал-Абад облусунун Ноокен районунда 2-октябрь күнү болжол менен саат 9:30 чамасында эки унаа сүзүшүп, эки адам каза болду. Бул тууралуу облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмү билдирди.
Маалыматка ылайык, жол кырсыгы Хондо CRV 2 унаасынын башкаруучусунун жол эрежесин сактабай, карама-каршы тилкеге чыгып, Деу-Матиз үлгүсүндөгү унааны сүзгөндүгүнөн улам келип чыккан. Хондо CRV 2 унаасын башкарып келе жаткан 39 жаштагы айдоочу С.С. ооруканага жеткирилсе, Деу-Матиз унаасынын 36 жаштагы айдоочусу Г.Ж. каза болгон.
Жол кырсыгынын натыйжасында аймактык ооруканага эки жаран жеткирилген. Учурда бул кырсык боюнча териштирүү иштери жүрүүдө.