“Жаңы окуу жылына 1-класска окуучуларды кабыл алуу 15-августтан 1-сентябрга чейин болот. Кошумча кабыл алуулар сентябрь айында да улантылат, анткени шартка байланыштуу мектепке кечигип келгендер да болот”,- дейт Шаардык билим берүү башкармалыгынын адиси Кутман Камчыев. Учурда шаардагы 51 мектепте 3006 мугалим иштейт, 184 мугалим жетишсиз. Жетишпеген мугалимдердин ордун толуктап, өз каалоолору менен эки ставкада иштеген мугалимдер бар экенин кошумчалады Камчыев.