Өзбекстан: "Майрамга карата Баткендеги кыргыз-өзбек чек арасындагы өткөрүү бекетин жаптык"
Мамлекеттик чек ара кызматы бүгүн, 12-августтан баштап
кыргыз-өзбек чек арасындагы “Кадамжай-унаажол” чек ара өткөрүү бекети менен чектеш Вуадиль-унаажол өткөрүү бекетин өзбек тарап
жапкандыгын билдирди. Өткөрүү бекетинен тойлорго чакыруу барактары же
туугандарынын ооруп жаткандыгы тууралуу телеграммалары бар жарандарды, расмий делегациянын мүчөлөрүн гана өткөрүп жатышат. Өзбекстан бул чектөөлөр 1-сентябрда Өзбекстандын Эгемендүүлүк
күнүнө даярдык көрүүгө байланыштуу экенин айтууда. Азырынча чектөө канча убакытка
созулары белгисиз.