Ысык-Көл жергесинде 17-августта “КМШнын бикини периси” аттуу сулуулар сынагы өтөт. Бул тууралуу иш-чаранын уюштуруучусу Рыскүл Намазбекова 12-августта билдирди. Сынакта Кыргызстандан, Орусиядан, Молдовадан жана Украинадан келген 14 сулуу ат салышат. Жеңүүчү болгон сулуу күзүндө Грецияда өтө турган "Miss FashionTV World" сынагына катышууга жолдомо алмакчы. Уюштуруучулардын айтымында, бул иш-чараны жыл сайын өткөрүү пландалып жатат.