Төкмө акындар арасында жаңы жылдыз жанып келе жатканына баарыбыз күбөбүз. Ал жаш Барпы атыккан төкмө Эламан Келдибеков. Өнөр барктаган элдин калың катмарынын кызыгуусун арттырган төкмөнү маекке чакырдык.
“Элмирбек агай – устатым, жакшы адам, мыкты тарбиячы. Ал мага төкмөлүктү эле эмес, адамгерчиликтүү болууну да үйрөтөт. Ал адам мени, менин жашоого болгон көз карашымды өзгөрттү, кыргыз үчүн жашаганды үйрөттү”, - дейт төкмө.
Эламан Келдибековдун маегин толугу менен “Супер-Инфонун” жаңы санынан (№884, 10-октябрь, 2019-жыл) окуй аласыз.