Топоздор өлкөбүздүн жайы салкын, кышы суук болгон аймактарында багылат. Анын эти, сүтү, териси, жүнү, ал тургай мүйүзү да пайда алып келет. Жайыттан өз жемин таап жеп, катуу кышта гана кол караган топозду багып келе жаткан алайлык фермер топоз багуунун машакаты жана пайдасы, сырлары менен бөлүшөт.
“Топоздор жайлоодо гүлүнүн жыты буркураган, дарылык касиети чоң чөптөрдү жешет. Башкача айтканда, кайберендер менен ырыскылаш болушат. Андыктан эти да, сүтү да дары. Эти узакка сакталат, жесең сиңимдүү. Этинде уйдукуна караганда темир 2 эсе көп”, - дейт топоз баккан Эшмамат Патаев.
Топозчунун кызыктуу маегин толугу менен “Супер-Инфонун” жаңы санынан (№884, 10-октябрь, 2019-жыл) окуй аласыз.