Президент Алмазбек Атамбаев Жогорку Кеңешке "Борбордун статусу жөнүндө" мыйзамга каршы пикир жөнөттү

Президент Алмазбек Атамбаев Жогорку Кеңешке 2013-жылдын 27-июнунда кабыл алынган «Борбордун статусу жөнүндө» мыйзамына каршы пикир жөнөттү.

 

Каршы пикирдин тексти:

 

“1. Мыйзамдын 7-беренесинин 4-бөлүгүндө жергиликтүү коомдоштуктун уставынын жоболору өзүнө ведомстволук караштуу аймакта жайгашкан бардык мамлекеттик органдар жана кызмат адамдары, менчигинин формасына карабастан, ишканалар, уюмдар, мекемелер жана жарандар тарабынан аткаруу үчүн милдеттүү болору белгиленген. 

Ушул эле берененин 2-бөлүгүндө Бишкек шаарынын жергиликтүү коомдоштугунун уставы шаардын жашоо-тиричилигин камсыз кылуу маселелерин жана башка маселелерди чечүүдө Бишкек шаарынын жергиликтүү коомдоштугунун мүчөлөрү менен Бишкек шаарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өз ара мамилелеринин тартибин аныктаары көрсөтүлгөн. Ошентип, жергиликтүү коомдоштуктун уставы Бишкек шаарынын жергиликтүү коомдоштугунун мүчөлөрүнүн жана Бишкек шаарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын мамлекеттик органдар, ошондой эле алардын кызмат адамдары менен өз ара мамилелеринин маселелерин жөнгө салбайт, демек, устав аны аткаруу боюнча алар үчүн кандайдыр бир милдеттенмелерди жаратышы мүмкүн эмес. 

Андан тышкары белгиленген ченем КРнын Конституциясынын 3-беренесинде аныкталган мамлекеттик бийлик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын иш милдеттери менен ыйгарым укуктарын так ажыратуунун конституциялык принцибине карама-каршы келет.

             

2. Мыйзамдын 21-беренесинин 1-бөлүгүнүн 1-пунктунда Бишкек шаарынын мэрине мамлекеттик органдардын аймактык бөлүмдөрүнүн жетекчилерин дайындоого макулдук берүү укугу берилген.

Мында мыйзам мамлекеттик органдардын аймактык бөлүмдөрүнүн жетекчилерин дайындоого жана бошотууга макулдук берүүдөн шаардын мэринин баш тартуусунун натыйжасын жөнгө салбайт. Атап айтканда, мамлекеттик органдардын жетекчилиги тарабынан сунушталуучу талапкерге мэр макул болбогон учурда качан, ким тарабынан жана кандай чаралар көрүлүшү мүмкүн болгон маселелер чечилбеген бойдон калууда, бул мыйзамды ишке ашырууда чоң кыйынчылыктарга алып келет жана мамлекеттик органдар менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ортосунда өз ара мамилелерде чыр-чатак потенциалын жаратат.

Ошону менен катар КРнын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 29-ноябрындагы № 741-токтому менен бекитилген КРнын мамлекеттик кызматындагы мамлекеттик административдик кызматтын бош орунун ээлөө үчүн конкурс өткөрүү жөнүндө убактылуу жобонун 19-пунктуна ылайык, мамлекеттик органдардын аймактык бөлүмдөрүнүн жетекчилеринин административдик кызматтарынын бош орундарын ээлөөгө конкурс өткөрүүдө аттестациялык-конкурстук комиссиянын курамына жергиликтүү мамлекеттик администрациянын башчысы, республикалык маанидеги шаардын мэри (же алардын өкүлдөрү) киргизилерин белгилеп кетели.

Ушуга байланыштуу мыйзамдын 21-беренесинин 1-бөлүгүнүн 1-пунктунда Бишкек шаарынын мэринин (же анын өкүлүнүн) мамлекеттик органдардын аймактык бөлүмдөрүнүн жетекчилеринин кызмат ордуна талапкерлерди конкурстук тандоого катышууга укугун кароону сунуштайбыз.

             

3. Мыйзамдын 22-беренесинде Бишкек шаарынын мэрине карата талаптар белгиленген, аларга ылайык жогорку билими жана мамлекеттик, муниципалдык кызматтарда же билим берүүнүн, саламаттык сактоонун мамлекеттик мекемелеринде же уюмдарда, мекемелерде жана жеке менчик чарба жүргүзүүчү субъекттерде жетекчи кызматтарда 10 жылдан кем эмес иш стажы бар КРнын жараны мэр боло алат. "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" мыйзамдын 42-беренесинин талаптарына ылайык, жогорку билими жана мамлекеттик же болбосо муниципалдык кызматта 3 жылдан кем эмес иш стажы, же болбосо билим берүүнүн, саламаттык сактоонун мамлекеттик мекемелеринде же уюмдардын, мекемелердин жана жеке менчик чарбачыл субъекттердин жетекчилик кызматтарында 5 жылдан кем эмес иш стажы бар жаран башка шаарлардын мэри боло алат. Бишкек шаарынын мэри үчүн башка шаарлардын мэрлерине иш стажы боюнча талаптардан кыйла деңгээлде аша чаап кеткен талаптарды белгилөө ушул кызмат ордуна талапкер боло алган, жогорку башкаруучулук сапатка ээ болгон адамдардын чөйрөсүн кыйла тарытат деп эсептейм.

             

4. Мыйзамдын 23-беренесинин 5-бөлүгүнүн 6-абзацында Бишкек шаарынын мэрин шайлоодо бардык талапкерлерге караганда "бардык талапкерлерге каршы" позициясы үчүн добуштардын көпчүлүгү берилсе, кайра шайлоо өткөрүлөрү белгиленген. Бул ченемге "бардык талапкерлерге каршы" позициясы үчүн депутаттардын эң көп саны добуш берген учурда Бишкек шаарынын мэрин кайра шайлоону өткөрүүнү караган өзгөртүүлөрдү киргизүү керек.

             

5. Мыйзамдын 30-беренесинин 1-бөлүгүндө Бишкек шаарын социалдык-экономикалык өнүктүрүү жана анын көйгөйлөрүн чечүү максатында Бишкек шаарынын мэриясы шаардык өнүктүрүү фондун түзүшү мүмкүн экендиги каралган. Мында фонд кайсы булактардын эсебинен түзүлөрү такталган эмес.

             

"Кыргыз Республикасындагы бюджеттик укуктун негизги принциптери жөнүндө" КРнын мыйзамынын 30-беренесине ылайык, КРнын Социалдык фонддон, КРнын Медициналык камсыздандыруу фондунун, ошондой эле ыктыярдуу кайрымдуулук акчаларынан жана взностордун эсебинен түзүлгөн бюджеттен тышкаркы фонддордон башка министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, администрациялык ведомстволордун, мамлекеттик комиссиялардын жана башка борбордук аткаруу бийлик органдарынын, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын бюджеттен тышкаркы фонддорун түзүүгө тыюу салынарын белгилей кетүү зарыл.

             

Андан тышкары "Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун финансы-экономикалык негиздери жөнүндө" КРнын мыйзамынын 12-беренесине ылайык, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары социалдык-экономикалык программаларды жана долбоорлорду ишке ашыруу максатында бюджеттен тышкаркы фонддорду түзүүгө укуктуу. КРнын мыйзамдарына ылайык, бюджетке кириш кылынууга жаткан салыктар жана башка төлөмдөр жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын бюджеттен тышкаркы фонддоруна жөнөтүлүшү мүмкүн эмес.

             

Баяндалгандарга байланыштуу белгиленген ченемдерге ылайык келтирүү максатында Бишкек шаарын өнүктүрүү фонддорун каржылоо булактарын тактоону зарыл деп эсептейм.

             

Жогоруда баяндалгандардын негизинде "Борбордун статусу жөнүндө" КРнын мыйзамын ушул редакцияда кабыл алууну максатка ылайыктуу эмес деп эсептейм жана КРнын Конституциясынын 64-беренесинин 2-бөлүгүнүн 1-пунктун жана 81-беренесинин 2-бөлүгүн жетекчиликке алып, аны макулдашылган вариантты иштеп чыгуу үчүн кайра кайтарам.

 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан