9-августтан баштап Орусиянын Москва, Санкт-Петербург шаарларында жана Ленинград облусунда мыйзамсыз түрдө иштеп жүргөн мигранттарды өз мекенине депортация кылуу башталганын жергиликтүү маалымат булактары жарыялашты. Орусиянын федералдык миграция кызматынын маалыматына ылайык, мурун мыйзамды бузган же мыйзамсыз Орусиянын аймагында жүргөндөр айып пул төлөп кутулуп кетүүгө мүмкүнчүлүктөрү бар болчу. Ал эми азыр мигранттардын саны өсүп кеткендигине байланыштуу жаңы эрежелер киргизилип, ага ылайык, Санкт-Петербург, Москва шаарларында жана Ленинград облусунда легалсыз жүргөн жарандарга 5-7 миң рубль өлчөмүндөгү айып пул салынып, андан соң милдеттүү түрдө өз мекендерине кайтарылат. Мигранттарды мыйзамсыз иштетип жүргөн жеке жактарга 70 миң рубль, юридикалык жактарга 1 миллион рубль айып пул салынат.