Кыргыз-түрк өкмөттөрү аралык комиссия мигранттардын көйгөйлөрүн талкуулайт

Бүгүн, 13-августта кыргыз-түрк өкмөттөрү аралык комиссиянын соода-сатык, экономикалык кызматташуу боюнча 7-жыйыны болот. Социалдык өнүктүрүү министрлиги бул жыйынга социалдык коопсуздук чөйрөсүндө тажрыйба алмашуу маселесин коюуда. Маалыматты аталган министрликтин басма сөз кызматы билдирди. Эки өлкөнүн өкмөттөрү аралык комиссиясынын жыйыны Анкара шаарында өтөт. Социалдык өнүктүрүү министринин орун басары Нарынкүл Эшенкулованын айтымында, Кыргызстан эмгек мигранттарынын укугун коргоо, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар үчүн жумуш орундарын түзүү боюнча Түркия тарап менен тажрыйба алмашуу маселесин алып чыгат. Мындан сырткары балдарды багып алуу маселелери менен иш алып барган чет элдик уюмдарды аккредиттөөдөн өткөрүү боюнча тажрыйба алмашуу сунушталууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан