Бишкекте бал жарманкеси болот

Бишкектеги Абдылас Малдыбаев атындагы Опера жана балет театрынын аянтында 14-августтан 25-августка чейин бал жарманкеси өткөрүлөт. Бул тууралуу “Кыргыз бал челекчилер биримдиги” коомдук бирикмесинен кабарлашты. Жарманкенин максаты – шаардыктарга сапаттуу, табигый бал азыктарын тартуулоо жана эл арасында аны колдонууну жайылтуу. Иш-чара жетим балдарга арналган кайрымдуулук акциясы, өнөрпоздордун кызыктуу оюн-зоогу менен коштолот. Ошондой эле “Бал дарыгер” деп аталган жаңы продукциянын презентациясы болот.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан