Өткөн суткада Бишкек шаардык “Тез жардам” станциясына 567 чакыруу түштү. Дарыгерлер тобу 397 чакырууга барышып, 170 адам ооруканага жеткирилген. Бир күндүн ичинде шаарда 3 жол кырсыгы катталган. Горький- Панфилов көчөлөрүнүн кесилишинде болгон автокырсыктан 49, 12 жана 27 жаштагы жарандар жабыркады. Ал эми Садыгалиев-Дэн Сяопин көчөлөрүнүн кесилишиндеги жол кырсыгынан 20 жаштагы жаран жабыркаган.