Илгертен адамдын жүзү дене мүчөдөгү эң сулуу бөлүк деп эсептелинет. Айымдардын жүзүнө өзгөчө кам көрүшөрү, балким, ушундан улам. 60-жылдарда кирпикти боёгон тушь каражаты өзүн сыйлаган ар бир аялзатынын сумкасында болгон. Технология өнүгүп отуруп, учурда айымдар кыялындагыдай каш, кирпикти сулуулук салондорунан 2 саатта жасатып алышчу болду. А бирок айымдар жөнөкөй гана жасалма кирпик үчүн тирүү жандыкты курмандык кылып жатышканын билишер бекен? Жасалма кирпик тууралуу кызыктуу материалды “Супер-Инфонун” жаңы санынан (№885, 17-октябрь, 2019-жыл) окуй аласыз.