КРнын Тышкы иштер министрлиги Кыргызстандын Өзбекстандагы элчиси Канатбек Шаршенбекке расмий түрдө чакыруу жөнөттү. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматынан билдиришти. Элчинин келиши менен жакында эле Өзбекстанда элчи менен медицина кызматкерлеринин ортосундагы жаңжалга байланыштуу сүйлөшүүлөр жүрөт. Министрликтен билдиргендей, Канатбек Шаршенбектин ушул апта ичинде келүүсү күтүлүүдө. “Элчи келип, сүйлөшүүлөр, тактоолор жүргүзүлгөндөн кийин дагы маалыматтарды билдиребиз”,- деди министрликтин басма сөз кызматкери Максат Жуманбеков. Эскерте кетсек, 26-июлда К.Шаршенбек үйүнө мас абалында келип, чакыруу аркылуу ооруп жаткан баласын көрүүгө келген “Тез жардам” кызматкерлерин кемсинтүү менен аларга карата жаман сөздөрдү айткандыгын өзбекстандык ММКлар жарыялашкан болчу.