Жалал-Абад. Жеке ишкер "Кыргызстан биогаз өндүрүп, чет өлкөгө экспорттосо болот" дейт
"Кыргызстандагы малдардын 4 айлык кыгын чогултуп, аны биогаз жана жер семирткич кылып иштетип чыкса болот. 33 миллиард сомдук биогаз өндүрүлүп, калкты камсыздоо менен катар чет өлкөгө экспорттой алмакпыз",- дейт жеке ишкер Бактыбек Сулайманов. Ал өткөн жылы бул боюнча президентке кат жазганын айтат. "Кыргызстандын калкын газ, жер семирткич менен камсыздоо үчүн атайын 7700 даана техника керектелет. Бүгүнкү күндө өлкөдөгү дыйкандар жылына 4 миллиард сомдук жер семирткич иштетишет. А биз жыл ичинде 33 миллиард сомдук жер семирткич иштетип чыксак, 29 миллиард сомдук продукцияны экспорттой алабыз",- дейт ишкер. Бул идея бийлик тарабынан колдоо таап, ишке кирсе, 56 миң адам иш менен камсыз боло турганын кошумчалады ал.