31-август - Кыргызстандын эгемендүүлүк күнүнө карата Ош шаарында даярдыктар башталды. "Быйылкы майрамдык программа эки бөлүктөн турат жана алар 2 сааттан кем болбойт. Тарыхка басым жасап, Манас, Тайлак баатыр, Барсбек каган тууралуу сахналаштырылган эпизоддор көрсөтүлөт”,- дейт борбордук аянтта өтчү майрамдык параддын башкы режиссёру Мурат Туратов. Студенттердин катышуусунда парад болору күтүлүүдө. 1000ге жакын ак калпакчан жаштар борбордук аянтты көркүнө чыгарат.