Мэр Иса Өмүркулов Бишкек шаардык дене тарбия жана спорт комитетинин жетекчисине сөгүш жарыялады
Бишкек шаарынын мэриясынын кезектеги кеңешмесинин жүрүшүндө мэр Иса Өмүркулов
балдардын спорт аянтчаларын уюштуруу иштерине тиешелүү көңүл
бурулбагандыгы үчүн Бишкек шаардык дене тарбия жана
спорт комитетинин жетекчисине сөгүш жарыялады. Мэриянын басма сөз
кызматы бүгүн, 13-августта билдиргендей, шаар башчысы
балдардын спорт аянтчаларын уюштуруу, алардын айланасын тартипке келтирип, көрктөндүрүү
иштерин август айынын аягына чейин аяктоо боюнча тиешелүү адамдарга тапшырма берди. Ошондой эле Өмүркулов аткарылган иштердин жыйынтыгы боюнча жарандык сектордун катышуусу менен текшерүү жүргүзүлөрүн
белгиледи.