3-июлда Жогорку Кеңеш тарабынан КРнын Акыйкатчысынын бош орду үчүн талапкерлерди каттоо жарыяланган. Парламенттин басма сөз кызматы билдиргендей, 13-августка карата КРнын Акыйкатчысы кызмат орду үчүн ат салышууну каалаган талапкерлердин саны 28ге жетти.
Алар:
1.Нурлан Мотуев – жеке ишкер;
2. Рахатбек Касымалиев – К. Тыныстанов атындагы Ысык-Көл Мамлекеттик университетинин юрист-консультанты;
3. Рита Карасартова – КР Президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясынын доценти;
4. Асия Сасыкбаева – Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары;
5. Чолпон Койчуманова – КР УИАнын Тарых институтунун окумуштуу-катчысы:
6. Дилшад Нажмидинов – Бишкек шаарынын ИИБнин Биринчи Май районундагы 8-шаардык милиция бөлүмүнүн аймактык инспектору;
7. Өмүрбек Рыскелдиев – юрист;
8. Мухтар Кожошев – КР Акыйкатчысынын орун басары;
9. Акылбек Ташбулатов – Эл аралык коргоосуна көмөктөшүү борборунун директору;
10. Досаалы Иманбердиев – КР Президентинин алдындагы Мамлекеттик башкаруу академиясынын башкы илимий кызматкери;
11. Нурбек Токтакунов – «Прецедент өнөктөштүк топ» коомдук уюмунун директору;
12. Талант Бапаев – жеке адвокат;
13. Кубан Адыл уулу – Бишкек шаарынын 1-май районунун улук прокурору;
14. Рыскул Бактыбаев – Чүй облусунун прокурорунун орун басары;
15. Гүлгакы Мамасалиева – «Интербилимдин» Ош кеңсесинин менеджери;
16. Токторбек Ашыркул уулу – КР ЖК депутатынын консультанты;
17. Тыныбек Ажимаматов – «Семамед» медициналык борборунун медициналык илимий консультанты;
18. Маматурайим Момунов – убактылуу иштебейт;
19. Турдали Орозбаев – КРнын ТИМдин кадрлар резервинде;
20. Темиркул Тейишов – КРнын Саламаттыкты сактоо министрлигинин Дары-дармек жана медициналык техникалар менен камсыз кылуу департаментинин бөлүм башчысы;
21. Шермамат Мамажунусов – жеке ишкер;
22. Абиба Маткасимова – «Наима» коомдук фондунун директору;
23. Айнуру Алтыбаева – ЖК депутаты;
24. Кылычбек Досумбетов – КРнын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин басма сөз катчысы;
25. Тургунбек Нарикеев – убактылуу иштебейт;
26. Акжолтой Тукунов – Бишкек шаарынын Биринчи Май районундагы «Тазалык» чакан ишканасынын инспектору;
27. Эмилбек Базаркулов – Бишкек шаарындагы түзөтүү жайларын көзөмөлгө алуу боюнча прокурордун улук жардамчысы;
28. Эрмамат Кожоакматов – жеке адвокат.
Эске салсак, акыйкатчынын кызмат ордуна фракциялардан сунушталган талапкерлердин документтерин кабыл алуу 15-августта аяктайт.