Бүгүн, 13-августта Кара-Суу районуна караштуу Барак анклавынын жашоочулары өкмөттүн Ош облусундагы өкүлү Сооронбай Жээнбеков менен жолугушту. Барактыктардын айтымында, анклавдан Ош облусунан жана өлкөнүн башка аймактарына өтүүчү чек ара бекеттери Өзбекстан тарабынан жабылгандыктан кыйынчылыктарга туш болушууда. Жай мезгилинде анклавдагылардын 60 пайызы Ош облусундагы жакындарынын үйүндө жашап, ар кайсы жумуштарда иштешет. Эске сала кетсек, алар буга чейин жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө Кара-Суу районунун аймагынан жер бөлүп берүү талаптары менен кайрылышкан болчу.