Сентябрь айынын башында Бишкек шаарындагы Гагарин көчөсүн оңдоп-түзөө иштери аяктайт. Бул тууралуу 13-августта Бишкек шаарынын мэри Иса Өмүркулов жолдорду оңдоо иштерин текшерүү учурунда билдирди. Эскерте кетсек, шаардагы жолдорду оңдоо иштери түрк насыясынын эсебинен жүргүзүлүүдө.