2019-жыл соңуна жакындап келе жатат. Салтка айлангандай, "Супер-Инфо" гезити жана SUPER.KG порталы окурмандары менен биргеликте жыл аягында жылдын мыктыларын аныктайт.
2018-жылдын ноябрь айынан 2019-жылдын октябрь айына чейин маданият, шоу-бизнес тармагында жаралган эмгектерди жана ал эмгектердин жаратуучуларын, спорт тармагында ийгиликке жетишкен инсандарды тизмектеп чыктык. Талапкерлер сиздин добушуңуздун жардамы менен "супер" аталышат. Андыктан 24-октябрь, саат 9:00дөн баштап SUPER.KG порталынан өзүңүз сүйгөн ырчы, актёр, актриса, ыр, клип, тасма, көк бөрүчү, балбан, футболчуга добуш бериңиз.
“Жылдын супери” аталуучу талапкерлердин тизмесин “Супер-Инфонун” жаңы санынан (№886, 24-октябрь, 2019-жыл) таба аласыз.