Бүгүнкү “Рулдагы жылдыз” рубрикабыздын каарманы аракет кылып, баарын жасаса болот дегендерден. Куудул жана телеалпаруучу Гүлжайна Атаканова 3 жарым айда тапкан акчасына Лексус үлгүсүндөгү унаа сатып алганын айтат.
“3 жарым ай эмгектенип, маңдай терим менен тапкан акчама сатып алдым. Аракет кылсаң берекети болот. Алма быш оозума түш деп негатив жазып отурган кишиге караганда иштеген адам утат. Максатсыз адам максаттуу адамдын кол алдында иштейт. Өзүмдү максаттуу адаммын деп эсептейм”, - деген куудул айымдын маегин “Супер-Инфонун” жаңы санынан (№886, 24-октябрь, 2019-жыл) окуй аласыз.