Социалдык өнүктүрүү министрлиги реабилитациялоочу борборлорду куруу үчүн Түркиядан жардам сурамакчы
Социалдык өнүктүрүү министрлиги Баткен облусунун
Лейлек районуна балдар үчүн реабилитациялоочу борбор куруп берүү үчүн Түркиядан
жардам сураганы жатат. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматы
билдирди. Социалдык өнүктүрүү министринин орун басары Нарынгүл Эшенкулова
билдиргендей, бул маселе бүгүн, 13-августта Анкара шаарында өтүүчү кыргыз-түрк өкмөттөр
аралык комиссиянын соода-экономикалык кызматташтык боюнча жыйынында айтылат.
Ошондой эле министрлик Бишкекте геронтологиялык жана селсаяктар үчүн борбор ачуу сунушун Түркияга билдирмекчи.