27-августта Бишкектеги “Ак-Кула” ат майданында КРнын Президентинин Кубогуна арналган көк бөрү мелдеши өтөт. Бул тууралуу Көк бөрү федерациясынын басма сөз катчысы Табылды Асыгалиев 13-августта билдирди. Мелдешке 12 команда катышып, чечүүчү оюн 31-августта өтөт.