1-январдан 31-июлга чейин Бишкек мэриясынын Жеке турак жай куруу департаменти тарабынан борбордогу мыйзамсыз жерлерде жайгашкан 124 курулуш бузулган. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди. Ал эми июль айында аталган департамент тарабынан 17 курулуш бузулган. Алардын бирөө чакан үй, бирөө чарбалык курулуш жана 15өө тосмолор.