2013-жылдын 6 айында Ош шаарынан Кыргызстандын чемпиондуктарына 11, эл аралык мелдештерге 18, Кыргызстандын биринчиликтерине 5 спортчу катышкан. Ал эми республикалык мелдештерге 6, Азия чемпиондугуна 3 спортчу катышкан. Мындан сырткары шаардык спорт комитети жыл башынан бери 37 спорттук иш-чара уюштурган.