Ош шаарындагы Дене тарбия жана спорт комитетинин имаратын оңдоп-түзөө иштери улантылууда. Ага жергиликтүү бюджеттен 3 миллион сом бөлүнгөн. Мындан сырткары жергиликтүү ишкерлер да көмөктөшүп жатканын айтат комитеттин төрагасы Дүйшөн Төрөкулов. Оңдоо иштери аяктаса, комитетке чакан музей ачуу пландалып жатыптыр. Ал жерге буга чейин комитетте иштеп, көзү өтүп кеткендердин сүрөттөрү, эмгектери коюлмакчы. “Спорт комитетинин базасында теннис аянты, бассейн, футболдук аянтча бар, булар да акырындан оңдолуп жатат”,- дейт Төрөкулов.