Азиз жана көзү начар көргөн адамдар үчүн Бишкекте 20 жол чырак орнотулат

“Көзү көрбөгөндөр үчүн жол чырактар” долбоорунун алкагында "Плюс" коомдук фонду 20 даана жол чырак сатып берет. Бул тууралуу депутат Дастан Бекешев өзүнүн интернет баракчасында жарыялаган. Маалыматка ылайык, аларды орнотуу иштерин Бишкек шаардык мэриясы өз мойнуна алган. Ал эми өкмөт ал жабдыктарды КНСтен бошотуу тууралуу токтомун чыгарган. Белгилей кетсек, буга чейин азиз жана көзү начар көргөн адамдар үчүн Фучик — Москва, Жибек Жолу — Исанов, Жибек Жолу — Тоголок Молдо, Панфилов — Горький, Бөкөнбаев — Турусбеков, Юнусалиев — Сухэ Батор, Бөкөнбаев — Манас көчөлөрүнүн кесилишинде үн чыгаруучу жол чырактар орнотулган. Ал эми алынып келчү жол чырактар кайсы көчөлөргө орнотулары азырынча белгисиз. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан