Нарын. Нарын мамлекеттик жаратылыш коругундагы жаныбарлар

Нарындын Таш-Башат айылына караштуу аймактан орун алган Нарын мамлекеттик жаратылыш коругу 1983-жылы Борбордук Тянь-Шань тоолорундагы жоголуп кетүү коркунучундагы жаныбарларды сактап калуу максатында түзүлгөн. Аянты 91 миң гектарды түзүп, бир тарабы Ысык-Көл облусунун Жети Өгүз району менен чектешет. Корукта сүт эмүүчү жаныбарлардын 26 түрү, канаттуулардын 104 түрү, балыктын 3 түрү жерде-сууда жашоочулардын 1 түрү багылат. Кызыл китепке кирген илбирс, сүлөөсүн, мадыл, Тянь-Шань күрөң аюусу, суусар, бугу-марал жана аркар-кулжалар да бар. Коруктагы "Бугу-марал" питомнигинде учурда 27 бугу багылууда. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан