Москвадагы чатыр лагерлерде депортация болууну күтүп жатышкан 4 жаранга тиешелүү документтер жеткирилди

Орусиянын Москва шаарындагы Иртышский проезд, 8-үй дарегинде жайгашкан мигранттарды кармоочу чатыр лагериндеги 4 кыргыз жараны чет элдик жарандарды кармоочу №1-борборго которулду. Бул тууралуу Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинин басма сөз катчысы Айымкан Кулукеева бизге билдирди. Айтымында, депортацияны күтүп жаткан аялдар 44 жана 41 жашта. Алар тигүү цехинде иштешкен. “Ал эми 34 жаштагы эркек киши кафеде иштечү экен, кармалгандардын дагы бирөө 19 жаштагы бала. Алардын жанында тиешелүү бир дагы документ болгон эмес. Ошондуктан чатыр лагерине алып келишкен. Соттун чечими чыкса, алар Кыргызстанга депортацияланышат. Учурда бул жарандарга өздүгүн тактаган документтерди алып барып бердик”,- деди ал.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан