Президент Алмазбек Атамбаев «КРнын жарандык маселелерин кароонун тартиби жөнүндө жобону жана КРнын президентине караштуу жарандык маселелер боюнча комиссия жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» жарлыкка кол койду. Бул тууралуу Президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди. КРнын жарандык маселелерин кароонун тартиби жөнүндө жобо “КРнын жарандыгы жөнүндө” мыйзамына ылайык, Кыргызстандын жарандык маселелери боюнча арыздарды тариздөөнүн жана берүүнүн, Кыргызстандын жарандыгын алуу жана токтотуу маселелерин кароонун, аталган маселелер боюнча чечимдерди кабыл алуунун, аткаруунун жана даттануунун тартибин аныктайт, ошондой эле зарыл документтердин формаларын белгилейт. Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.