Жайыл райондук социалдык өнүктүрүү башкармалыгы 5 719 бала үчүн жайкы эс алуу уюштуруп берди. Бул тууралуу Социалдык өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, Жайыл районундагы 42 мектепте июнь айында күндүзгү лагерь иштеген. 1 684 бала ар кандай ийримдерге барып, сынактарга жана мелдештерге катышкан. Ошондой эле окууда ийгиликтерге жетишкен 340 окуучу үчүн Бишкектеги музей жана эс алуу жайларында саякат уюштурулган. Ал эми Кара-Балта жана Жайыл районундагы кооз аймактарды кыдырууга 3 431 окуучу катышты.