Япония: Автоунаасын жанындай көргөн жашоочу атайын ага ылайыктап үй курду. Үйдүн бардык бөлмөсүнөн унаасы көрүнүп турат
Porsche 911
автоунаасынын күйөрманы, япониялык Тошихиро Кимура атайын минген унаасына ылайыктап 2 кабаттуу хан сарай курду. Башкача айтканда, үйдүн бөлмөлөрү автоунаанын айланасында жайгашкан. Анын темир тулпарын жанындай көрөрүн мындан билиңиз: үйдүн бардык бөлмөсүнүн терезелеринен автоунаасы көрүнүп турат. Ашканадан, уктоочу бөлмөдөн, ал тургай дааратканасынан да Porsche 911 ар кандай ракурстан көрүнүп турат. Япониялык журналисттердин бирине үйүн тааныштырган Кимура буларды айтат: "Бул жер үйдөгү менин эң сүйүктүү бөлмөм, бул бөлмөдөн мен унаамдын арткы көрүнүшүн карап отурам. Мында болсо мини автоунаалардын коллекциясы бар, күн сайын түшкү тамактануудан соң сөзсүз кирем, анткени бөлмөдө өзүмдү жеңил сезем. Ал эми бул бөлмөдөн мен күнүнө 3 маал автоунаамды карап отуруп тамактанам. Аялым ашкана унаанын дал бет маңдайында жайгашканына даттанбайт. Уктоочу бөлмөдөн да Porsche
укмуш көрүнөт. Эртең менен ойгонсом биринчи унаам көзгө урунат. Мен бул унаа менен үйгө өмүр бою суктанып өтөм. Шарт болсо, 2 жана 3-Porscheүчүн дагы бир үй салам". Маалыматтарда үйдүн баасы жарым миллион доллар экени айтылууда. Ал эми аталган автоунаанын баасы 140 миң доллар.