Президент Алмазбек Атамбаев Азербайжандын Габала шаарында 15-16-август күндөрү өткөрүлө турган Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешинин III саммитине катышат. Бул тууралуу Президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди. Бул саммитте уюмдун катышуучу өлкөлөрүнүн ортосундагы кызматташууну мындан ары өнүктүрүү маселелери талкууланат. Ошондой эле отурумдун жүрүшүндө кеңештеги төрагалык Кыргызстандан Азербайжан тарапка өткөрүлөрү болжолдонууда. Саммиттин алкагында президент Алмазбек Атамбаевдин уюмдун мүчө мамлекеттеринин башчылары менен жолугушат. Белгилей кетсек, Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешине Кыргызстан, Казакстан, Түркия жана Азербайжан мамлекеттери кирет.