Токон Мамытов: "Кайсы өлкө Кыргызстанга көп инвестиция салса, ал өлкөнүн жарандарына биздин өлкөдөн жумуш квоталары көп берилет"
"Кайсы өлкө Кыргызстанга көп инвестиция салса, ал өлкөнүн жарандарына биздин өлкөдөн жумуш квоталары көп берилет". Бул сөздү 13-августта телеканалдардын бириндеги түз эфир учурунда КРнын Коргоо, коопсуздук жана чек ара маселеси боюнча вице-премьер-министри Токон Мамытов айтты. "Кыргызстанга инвестиция салган тарап, өзү менен кошо өлкөгө жумушчуларын да алып келет",- деди Мамытов. Муну жаш саясатчы Мавлян Аскарбеков четке кагып, чет элдик жарандарга берилчү жумуш квоталары сатылып жатканын айтты: "Бир жылга деп чет элдик жарандарга бөлүнгөн жумуш квоталарын өлкөдөгү 5-6 компания бөлүп алып, анан чет элидктерге сатып жатат. Кыргызстанга мыйзамсыз кирген жарандардын кескин көбөйүп жатышы өлкөнүн келечеги үчүн кооптуу",- дейт Аскарбеков.