Кыргызстан менен Кытайдын Билим берүү, илим, маданият жана спорт комитеттеринин төрагалары жолугушту

13-августта Кытайдын борбору Пекинде ЖКнын Билим берүү, илим, маданият жана спорт комитетинин төрагасы Каныбек Осмоналиев жана анын орун басары Эльмира Иманалиева Кытай парламентинин Билим берүү, илим жана маданият комитетинин төрагасы У Хэн менен жолугушту. Депутаттар кытай тарапка ЖКнын аталган комитетинин иш алып баруусу, билим берүү системинде реформа жүргүзүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер, БГУ, КУУ жана ОшМУнун алдында түзүлгөн Конфуций институттарын өнүктүрүү үчүн кабыл алынып жаткан чаралар тууралуу маалымат беришти. Ошондой эле эки комитеттин ортосундагы кызматташтыкты жөнгө салуу сунушу айтылды. Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар парламенттер аралык байланыштарды күчөтүү жана тыгыз байланыштын таасирлүү механизмин куруу боюнча чараларды кабыл алууга макулдашты. Жолугушуу Кыргызстандын Кытайдагы элчилиги тарабынан уюштурулганын ТИМ билдирди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан