Өзбекстан Баткендеги Сох, Шаймерден анклавдары аркылуу өтчү жолду жапты. Коңшу өлкө мындай чектөөлөрдү 1-сентябрда өтө турган өлкөнүн Эгемендик күнүн майрамдоого байланыштырууда. Жергиликтүү тургундар эки жакка өтүүдө анклавды айланып өтчү жол менен каттоого мажбур болушууда. Жаңы жолдо азырынча кезек күтүү, тыгын пайда боло элек, чек ара аймагында абал туруктуу. Эске салсак, Өзбекстан буга чейин Оштогу “Достук”, Баткендеги “Вуадиль” чек арадан өткөрүү бекеттерин жапкан.